Vlog

БААУга кош келиңиз!

Бул жерде көп улуттуу студенттер менен тажрыйбалуу окутуучулар

жаркын келечекти биргелешип курушат.

Борбордук Азиядагы Америкалык университети

1993-жылы негизделген БААУ Борбор Азиядагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн келечектеги лидерлерди тарбиялайт. Борбор Азиядагы Америкалык университет - бул америкалык либералдык искусство салтындагы эл аралык, көп тармактуу билим берүү жамааты. БААУ - Борбор Азиядагы либералдык искусстволор багытындагы окуу программалары боюнча АКШда аккредитациядан өткөн дипломдорду сунуштаган биринчи университет болуп саналат, бул АКШдагы Бард колледжи менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.


"Мен үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетин ушул маанилүү учурда жетектөө мүмкүнчүлүгү чоң сыймык. БААУ академиялык эркиндикти жайылтат жана ар түрдүү жашоо тажрыйбасы бар адамдарга жана ар кандай дүйнө таанымдарга ээ студенттерге биргелешкен аянтча сунуштайт, аларды өмүр бою билим алуу, жалпы жыргалчылыкка кызмат кылуу жана келечек муундардын бакубат жашоосу үчүн туруктуу өнүгүүгө умтулуу бириктирет. Алдыңкы айларда жана жылдарда университеттин мыкты окутуучулары жана кызматкерлери менен иштешүүнү, ошондой эле студенттер менен тыгыз байланышта болууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн."

AUCA HIGHLIGHTS

"Кыргыз тили жана адабияты" китебинин бет ачары

Сиздерди «Кыргыз тили жана адабияты» китебинин бет ачар аземине жана китептин автору филология илимдеринин доктору, профессор Камбаралиева Уулкан Жолдошбековна менен жолугушууга чакырабыз.... Read More

Кабыл алуу сынактары 31-майда

БААУнун кезектеги кабыл алуу сынактарына каттоо ачык жана ал 2026-жылдын 26-майы саат 17:00гө чейин уланат.... Read More

БААУнун Өзбекстан, Казакстан жана Россиянын абитуриенттери үчүн онлайн кабыл алуу сынактары

Борбордук Азиядагы Америка университети Өзбекстан, Казакстан жана Россиянын абитуриенттерин бакалавриат программасына онлайн кабыл алуу сынактарын тапшырууга чакырат.... Read More

Career Fair 2026

Career Fair — университеттик жашоонун маанилүү окуяларынын бири. Бүтүрүүчүлөр өзүлөрү үчүн карьералык өнүгүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн тандашса, кенже курстардын студенттери тажрыйба арттыруу жолдорун издешет.... Read More

БААУда экоордо/экочүкө боюнча алгачкы мелдеш

БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору каалоочулардын баарын экоордо /экочүкө боюнча алгачкы мелдешке чакырат!... Read More

Николас Дарем Андерсен менен видео-маек

Бул видео-маекте Жаңы Муун академиясынын окутуучусу Николас Дарем Андерсен өз академиялык тарыхы жана кесипкөйлүк тажрыйбасы менен бөлүшөт.... Read More